19-январга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.
17-январда күндүз жана 18-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, 18-январда күндүз айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ал эми Ысык-Көл облусунда 17-18-январь күнү жаан-чачын күтүлбөйт.
19-январда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы төмөндөйт.
19-21-январда Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9°, күндүз 0…-5°,
Талас аймагында түнкүсүн -6…-11°, күндүз 0…-5°,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин,
-тоо этектеринде түнкүсүн -5…-10° суук, күндүз 0…-5° суук болот.
20-22-январда Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -6…-11°, күндүз — 2° сууктан…+3° жылуулукка чейин,
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20…-25°, күндүз -5…-10°,
тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15°, күндүз -6…-11°.
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -26…-31°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.