• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Шашылыш билдирүү! Өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт

4 Кулжа 2020 16:25 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын аймагында 5-июндан 10-июнга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 5-июнда күндүз, 6-7-июндарда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, 8-9-июндарда республиканын кээ бир аймактарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2020-жылдын 5-10-июнуна чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экендигин эскертет.

Количество просмотров: 785