• Дүйшөмбү 22 Кулжа 2026
  • Понедельник 22 Июнь 2026

Шашылыш билдирүү: Тоолордо көчкү жүрүшү мүмкүн

3 Чын куран 202210:38 Бишкек Govori.TV

Күндүн катуу ысышы менен тоолордогу кар-мөңгү ордунан козголуп, көчкү жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ӨКМ көчкү түшүшү мүмкүн болгон аймактар:

«Бишкек — Ош» жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы;

«Бишкек — Нарын — Торугарт» жолунун Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы;

«Казарман — Актал-Чат» жолунун Карагөө ашуусу;

«Каракол — Эңилчек» жолунун Чоң-Ашуу;

«Барскоон — Ак-Шыйрак» жолунун Сөөк ашуусу.

Айдоочуларга унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо эскертилди.

Количество просмотров: 79