КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайынын күтүлүп жаткан кескин өзгөрүүсүнө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 2021-жылдын 10-11-сентябрында Кыргызстандын аймагында жылуу жана кургак абанын сакталгандыгына байланыштуу аба-ырайынын кескин өзгөрүүсү күтүлөт: 10-сентябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо жаан карга айланышы, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
11-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.