• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Шашылыш билдирүү! Тоолуу райондордо сел жүрөт

19 Кулжа 202515:13 Бишкек Govori.TV

ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 2025-жылдын 20-июнунан 22-июнуна чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

“ӨКМдин алдын ала билдирүүлөрүнө жоопкерчилик менен мамиле жасап, өзүңүздүн жана жакындарыңыздын өмүрүн сактаңыз! Кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдарга кабылсаңыз, токтоосуз 112 бирдиктүү кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат”,-деп билдирди ӨКМ.

Количество просмотров: 296