• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Шашылыш билдирүү: Туруксуз аба ырайы күтүлүүдө

29 Чын куран 201915:26 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.04.2019.Govori.TV.

2019-жылдын 30-апрелинде жана 2-3-май күндөрү туруксуз аба-ырайы күтүлөт, мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы кабарлады.

Бийик тоолуу райондордо кар жаашы, тоо этектеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.


Количество просмотров: 17