• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келди

5 Жетинин айы 202420:57 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келди.

Өзбекстандын президентин “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Белгилей кетсек, Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга ушул жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги он биринчи саммитине катышуу үчүн келди.

Саммиттин ишине Уюмга мүчө беш мамлекеттин – Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан лидерлери, ошондой эле Уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн башчылары катышат.

Количество просмотров: 159