Бишкек.06.05.2019.Govori.TV.
5-май күнү кечинде орун алган, Шереметьево аэропортунан Москва-Мурманск каттамы боюнча учкан учак абага көтөрүлгөндөн кийин күйүп, каза болгондордун саны 41 ге жетти.
Жалпысынан учакта 78 адам болгон. Анын 41и каза таап, 19 адамга медициналык жардам көрсөтүлүп, 5 жүргүнчү ооруканага жеткирилген.
Ал эми өрттүн келип чыгышына электр жабдыктарындагы мүчүлүштүктөр себеп болгону айтылууда.