• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

«Шинный центр» дүкөнүнүн алдында болгон мушташтын видеосу жарыяланды

15 Бештин айы 2020 17:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы «Шинный центр» дүкөнүнүн алдында болгон мушташтын видеосу жарыяланды.

Маалыматка караганда мушташ аталган дүкөндүн видеокөзөмөлүнө түшүп калган.

Эске салсак, кечээ Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Бишкек шаарындагы мушташ боюнча маалымат берген.

Окуя 11-декабрда болжол менен саат 14:00дө Дэн Сяопин көчөсүндөгү «Шинный центр» дүкөнүнүн алдында болгон. Видеодон белгилүү болгондой, мушташ жергиликтүү тургундар менен «Шинный центр» дүкөнүнүн администрациясынын ортосунда чыккан. Ага жолду унаалар тосуп калганы себеп болгон.

Жерине милиция кызматкерлери барган. Биринчи май РИИБден билдиришкендей, мушташтын катышуучуларын №5 милициянын шаардык бөлүмүнө алып барышкан. Ал жерден П.Р. арыз менен кайрылып, жергиликтүү эки тургун аны сабап салышканын билдирген. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен катталды. Ошондой эле соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгында 2004-жылы туулган Б.Н. менен 1990-жылы туулган Ж.Э.нин аракеттерине юридикалык баа берилет. Алар милиция бөлүмүнө келип турууга милдеттеништи.

Эскертүү видеодо сөгүнгөн сөздөр бар!

Количество просмотров: 352