• Дүйшөмбү 22 Кулжа 2026
  • Понедельник 22 Июнь 2026

“Ширшов фонду” аталышындагы коомдук фонд ачылды

22 Кулжа 202616:41 Бишкек Govori.TV

КР Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, “Ширшов фонду” аталышындагы коомдук фонд ачылды.

Фонд 2-июнда каттоого алынып, жетекчиси катары Ширшов Алексей Юрьевич көрсөтүлгөн.

Бул ысым орусиялык ишкер, убагында Кыргызстандын энергетика тармагындагы ири коррупциялык схемаларды түзгөн деп айтылып келген, акыркы жылдары өлкөдө аты көп аталып, талкуу жараткан Алексей Ширшовдун аты-жөнүнө туура келет.

Алсак, быйыл февраль айында Орусиянын Энергетика министрлиги Кыргызстан менен Орусия жумушчу жолугушуу өткөрүп, ага орус министри Сергей Цивилев жана кыргыз тараптан Данияр Амангелдиев, Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев катышканын жазып, жолугушууда тартылган сүрөттөрдү жарыялаган. Кыргыз делегациясынын катарынан Алексей Ширшовду да көрүүгө болот. Жолугушууда “Жогорку Нарын ГЭС каскады” боюнча сөз болгон.

Жаралган талкуулар боюнча президент Садыр Жапаров да жооп берген.

Количество просмотров: 29