Президент Садыр Жапаров талкуу жараткан Алексей Ширшовдун Москвадагы жолугушууга катышуусу боюнча “Кабар” маалымат агенттигине комментарий берип, бийлик анын маалыматын мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн колдонуп жатканын айтты.
«Жогорку Нарын ГЭСтери боюнча биз “жебеген самсага” 37 миллион доллар, пайызы менен бүгүнкү күндө 51 миллион доллардан ашык акча каражат “Русгидрого” карыз болуп калдык. Бул карыздын пайызы күндөн-күнгө тууп жатат. Эл аралык сот “ушундай пайыз тууйт” деп чечим чыгарып берген экен. “Ошол карыздан кутулуу жолдорун сүйлөшүп келгиле” деп, Данияр Амангелдиев баштаган делегацияны Москвага жибергем. Ал ошол жактан Данияр Амангелдиевге телефон чалып, «Русгидро» боюнча Кыргызстанга пайдалуу маалыматтарым менен бөлүшөм деп сүйлөшүүлөргө кошулуп калыптыр. Себеби, илгери ошолор менен иштешип жүргөн да. Көп маалыматтары бар экен. Анын маалыматтары канчалык деңгээлде пайдасы тиет, убакыт көрсөтөт.
Эң негизгиси, Ширшовго илгеркидей бир министрликти минип алып башкарганга жол бербейбиз. Мамлекетке пайдасы болсо колдонобуз, жок болсо “тынч жүр” дейбиз. Кыскасы, мамлекеттик казынага кол салууга жол бербейбиз. Ошондуктан, Ширшов менен “манипуляция” кыла бергендерге көңүл бурбаш керек.
Энергетика министрлиги илгертен бери чогулган 137 миллиард сом карызын быйыл толук жаап бүтүп, эмдиги жылдан баштап кирешеге чыга баштайт. Бул системада таптакыр уурулук токтогон. Ошол үчүн 30 жылдан бери чогулган карызын 5 жылда жаап бүтүп жатат. Эгер уурулук уланып жаткан болсо кайдан жабат эле. Карызы күндөн-күнгө өсө бермек. Эгер кокус эле уурулук фактылар менен кармалып калган кызматкерлер болсо эч кимге аёо жок. Бул жалгыз эле Энергетика министрлигине эмес, бардык министрликтерге, мамлекеттик мекемелерге жана мамлекеттик кызматкерлерге да тиешелүү», — деген Жапаров.
Эске салсак, Орусиянын Энергетика министрлиги Кыргызстан менен Орусия жумушчу жолугушуу өткөрүп, ага орус министри Сергей Цивилев жана кыргыз тараптан Данияр Амангелдиев, Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев катышканын жазып, жолугушууда тартылган сүрөттөрдү жарыялаган. Кыргыз делегациясынын катарынан Алексей Ширшовду да көрүүгө болот.
Жолугушууда “Жогорку Нарын ГЭС каскады” боюнча сөз болгон.
Алексей Ширшовду мурдагы президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевдин, андан кийин Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиевдин жакын өнөктөшү болгонун айтып келишет. 2005-жылдагы Март ыңкылабында өлкөдөн чыгып кетип, кийин кайтып келип, жогорку кызматтарда ишин уланткан.
Алексей Ширшов убагында Кыргызстанда энергетикадагы коррупциянын көмүскө схемасын түзгөн деп айтылып келет.