• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Ширшовдун үй камактагы мөөнөтү эки айга узартылды

2 Кулжа 2022 9:22 Бишкек Govori.TV

“Дастан” ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшовдун үй камагындагы мөөнөтүн эки айга узартылды. Маалыматты Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.

Билдирүүгө ылайык, соттун чечими менен Алексей Ширшовдун үй камагындагы мөөнөтү 26-июлга чейин узартылган.

Эске салсак, 10-майда УКМК “Дастан” заводунун мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов «Аврора Плюс» эс алуу борборунан кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарган коррупциялык схеманын негизги уюштуруучуларынын бири катары шектелип Жазык кодексинин «Коррупция» беренесинин негизинде кармалганын билдирген. Кийин Ширшовдун бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралган. Сот аны 26-майга чейин үй камагына чыгарган болчу.

Теги:
Количество просмотров: 57