Акыркы убакта коомчулукта Ширшовдун аты аталып, анын ысымын “Капитал банк Борбордук Азия” банкына байланыштырган билдирүүлөр айтылууда. Бул боюнча комментарий президент “Кабар” агенттигине берди.
«Ширшов боюнча көптөн бери эле ар кандай ушактарды таратып келе жатышат. Ширшовду эки-үч жыл мурда мен кабыл алгам.
Андан көптөгөн маалыматтарды алганбыз. Ал маалыматтардын пайдасы менен Максим Бакиевдин жана анын досторуна тиешелүү ири компанияны мамлекетке кайтардык.
Юстиция министрлиги Францияда дагы бир вилласын кайтаруу боюнча иштеп жатат.
Ширшов бир дагы мамлекеттик ишканага жакын жологон жок. Жолотпойбуз дагы. “Капитал банк” болсо – 100 пайыз мамлекеттик банк.
Каржы министрлиги 100 пайыз ээлик кылат жана аны толук көзөмөлдөп турат. Мурда Америка тарап “Керемет банкка”, “силер санкцияга кирген товарлардын акчаларын которуп, Россияга жардам берип жатасыңар” деп санкцияга киргизгенден кийин, “анда рубль менен бир эле банк иштесин, баары көзөмөлдө болсун, керек болсо күндө силерге отчёт берип турсун” деп “Капитал банкты” аныктаганбыз.
Ошондуктан бүгүнкү күндө рубль менен бир гана “Капитал банк” иштеп жатат. Башка банктарга рублдан башка валюталарга эч кандай чек жок. Каалагандай иштей беришсе болот.
Анан эми рубль менен иштеп, көп каражат таап жүргөн банктар рублдан пайда таппай калып кыжаалат болуп, анан ушундай жалган ушактарды таратып жатышат.
Эч кандай “Ширшов-Миршов” дегендер жок. “Капитал банк” мамлекеттин, тагыраагы, Каржы министрлигинин көзөмөлүндө иштейт. Тапкан пайдасы 100 пайыз мамлекетке түшөт. Ошондуктан ар кандай имиштерге ишене бериштин кажети жок.
Эми биздин ушундай кадамдарыбыздан кийин дагы Америка тарап банктарыбызга санкция сала беришсе, анда бул аракеттерин жөн гана Кыргыз мамлекетине болгон бут тосуулары деп билсек болот»,- дейт президент.