• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Министр Ибраев Ширшов менен түшкөн сүрөт качан тартылганын айтты

20 Үчтүн айы 2023 13:33 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов калкты жылуулук, электроэнергия жана ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселелери боюнча Министрлер кабинетинин маалыматы угулуп жаткан учурда энергетика министри Таалайбек Ибраевге социалдык тармактарга тарап жаткан сүрөт боюнча суроо салды.

«2009-жылы сиз Ширшов менен чогуу иштеп жаткан учурда жарык өчүрүүлөр болгон. Андан кийинки келген бийликтин тушунда бул маселе токтогон. Мына сиз министр болуп келгенден кийин Ширшовдун мезгилиндеги көрүнүштөр кайталанып жатат. Жакында аны менен жолукту деген сүрөттөр интернетке жарыяланды. Канчалык чындыгы бар?»,-деди Икрамов.

Министр Ибраев жарыяланган сүрөт эски экенин айтты.

«Социалдык тармактарда тарап жаткан сүрөт 10 жыл мурунку. Ошону чыгарып коюшкан»,-деди ал.

Количество просмотров: 155