• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

ШКУ саммити учурунда чектөө киргизилген жолдор

12 Кулжа 201914:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.06.2019.Govori.TV.

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөр башчыларынын саммитине байланыштуу Бишкек менен Чүй облусундагы айрым көчөлөргө чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматынан кабарлашты.

12-июндан 14-июнга чейин делегация төмөнкү көчөлөр менен бара жатканда кыймылга чектөө киргизилет:

  • «Манас» аэропортунан Фучик көчөсү менен Жибек Жолу проспектисине чейин;
  • Жибек Жолу проспектисинен Жаш Гвардия бульварына чейин;
  • Жаш Гвардия проспектисинен Чүй проспектисине чейин;
  • Чүй проспектисинен Манас проспектисине чейин;
  • Манас/Айтматов проспектилери менен «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейин.
Количество просмотров: 33