• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Шойгу орус армиясында аскерлердин саны көбөйөрүн билдирди

18 Үчтүн айы 2023 9:14 Бишкек Govori.TV

Орусия аскерлеринин санын үч жылдын ичинде бир жарым миллионго жеткирүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн коргоо министри Сергей Шойгу армияны реформалоону талкуулаган жыйында билдирди.

Акыркы маалыматтарга караганда, азыр орусиялык аскерлердин саны миллионго чукул. Дагы эки миллионго жакын адам резервде турат.

Реформанын алкагында Карелияда армиялык корпусту, Куралдуу күчтөрдүн эки жаңы конкреттүү стратегиялык аймактык бирикмесин – «Москва жана Ленинград аскер округдарын» түзүү пландалган.

Расмий маалыматтар боюнча, запастагы 300 миңден ашуун орусиялыктар аскердик кызматка чакырылган.

Количество просмотров: 134