• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

ШОК! Циркте гимнаст кыз 4 метрлик бийиктиктен жерге кулап башынан жаракат алды

8 Үчтүн айы 2018 12:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.01.2018.Govori.TV.

Циркте гимнаст кыз бийиктиктен кулап кетти.

https://www.youtube.com/watch?time_continue=59&v=xIprCEV1QgY

Окуя Белоруссияда болгон. Кыз башынан жаракат алып, облустук клиникалык ооруканага жаткырылган.

Белоруссиянын Гомель шаарындагы цирктен аба гимнасты Юлия Тикаева 4 метрлик бийиктиктен жерге кулап түштү. Бул тууралуу Sputnik Белоруссия агенттиги билдирди.

Ушул күндөрү шаардык циркте «Аяз ата жана Африка арстандары» аттуу программа коюлууда. 20 жаштагы акробат «Партердик учуу» программасындагы көнүгүүлөрдү жасап жатып, 4 метрдик бийиктиктен өнөктөшүнүн колун жаза кармап, коопсуздук торуна эмес, жерге кулап бети менен тийген.

Күбөлөрдүн айтымында, Тикаеваны өнөктөшү кармай албай калган.Акробат башынан жаракат алып облустук клиникалык ооруканага жаткырылган. Кыз азыр кайра жандандыруу бөлүмүндө. Дарыгерлер абалы оор экенин маалымдашкан.

Окуя 5-январда кечки программа учурунда болгон.

Гомель цирки «ВКонтакте» баракчасында акробаттын эч жери сынбаганы боюнча маалыматты жайгаштырды. Анын бети-башы көгала болуп, азырынча хирургиялык аракет талап кылынбай турганы айтылат.

Булак: Спутник

Количество просмотров: 9