• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

«Шортачан келип алышпасын». Депутат министрдин орун басарынын кийимине нааразы болду

5 Кулжа 2023 11:56 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитети жыйын курууда.

Жыйында «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондусунун ортосундагы “Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу” долбоорунун Адаптациялык фондунун гранттык каражаттарынан кошумча каржылануучу бөлүгү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин делегациясынын курамын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругунун долбоору» боюнча маселе каралууда. Бул тууралуу докладды жыйында Айыл чарба минисринин орун басары Айнура Туйбаева жасады.

Ал эми депутат Алишер Эрбаев министрдин орун басарынын кийимине нааразы пикирин айтып, ЖКда дресс-код бар экенин эскертти.

Количество просмотров: 106