• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

«Шоу кылышат». Базарбеков Кемпир-Абад иши боюнча пикирин билдирди

12 Жалган куран 202416:03 Бишкек Govori.TV

Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Кемпир-Абад иши боюнча соттун узарып жатат деген сындарга жооп берди.

Базарбеков «Кабар» улуттук маалымат агентигине маек куруп, «Кемпир-Абад боюнча соттук териштирүүлөрдүн создугушуна камактагылардын өзү себепкер» деген пикирин айтты.

«Ооба, бул иш боюнча камакта жаткандардын айылдарында туугандары акцияга чыкканынан кабарыбыз бар. Ал эми соттук териштирүүлөрдүн создугуп жатканына биринчи кезекте камактагылар өздөрү себеп болууда. Алардан мурда биз өзүбүз бул иш райондук инстанциядан өтүп, кийинкилерине жылышына кызыкдарбыз. Создуктуруп, камакта кармап жата берели деген кыпындай да оюбуз жок. Кемпир Абад иши боюнча кармалгандар камакка алынгандан кийин тергөө иштери бир нече ай убакытты алды. Кылмыш иши да көлөмдүү – 60 том. Иш сотко өткөн соң ал карала баштады. Бирок, бир күнү камактагы бирөөсүнүн авдокаты келбей калат, башка күнү камактагылардын арасынан бирөөсү ооруп калат, же атайылап адвокатын жибербей коет, же сотто “биздей баатырлардан тукум алып калгыла” деген сыяктуу “шоу” кылышат. Андыктан соттук териштирүүнүн созулуп кеткенине биринчи кезекте камактагылар өздөрү күнөөлүү. Мыйзамдарда каралган атайын процедуралык ченемдер бар. Ошолордун талабына ылайык соттор отурумду улам кийинкисине жылдырууга аргасыз болушат. Айыпкерлердин жана алардын жактоочуларынын өтүнүчтөрү боюнча ишти кароо 20 жолу кийинкиге жылдырылыптыр, бул расмий факт. Мисалы, бирөөсүнүн адвокаты ооруп калса, сот ишти карай берем десе ага башкалары эч качан макул болбойт. Эмнеге мынтип өздөрү создуктуруп жатышат биз үчүн да түшүнүксүз. Сотто каралып баштаганы бир жарым жыл эмес, сотто сегиз айдан бери каралып келе жатат», — деди ал.

Эске салсак, кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен 11 киши тергөө абагында отурат. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Количество просмотров: 124