• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Күндүн ыргагы: Кемпир-Абад боюнча кармалгандар абакта калды. Бишкектин абасын тазартууга канча акча кетет?

12 Бештин айы 2022 19:10 Бишкек Govori.TV

БИШКЕКТИН БУЛГАНГАН АБАСЫ

11-декабрда абадагы зыяндуу РМ 2,5 заттарынын көлөмү максималдык көрсөткүчкө жетип, 288 деген сан менен дүйнөдөгү эң булганыч шаарлардын сап башына чыкты. Бул тууралуу дүйнөлүк абанын сапатынын индексин иликтеген World Air Quality Index порталы маалымдаган.

Ал эми бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова абанын булгануусуна каршы көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтты. Ал абада кара түтүндүн пайда болуусуна ЖЭБде, жеке секторлордо көмүрдүн колдонулушу жана автотранспорттон чыгып жаткан уулу заттар себеп экенин айтты.

Ал Кырызстан уулу газдардын абага бөлүнүп чыгуусун 2030-жылга карата 44% кыскартуу боюнча милдеттеме алганын эске салды. Министрдин айтымында, бул милдеттенмелерди аткаруу үчүн 6 млрд 700 млн долларга бир нече долбоорлор иштелип чыкты, анын бир бөлүгү макулдашылды.

Ал көмүрдүн сапатын иликтөө үчүн лабораторияларды жабдуу боюнча үстөксүз насыя алынганын кошумчалады.

Депутат Балбак Тулөбаев болсо Бишкек шаарындагы абанын булганыч абасына кошулуп тазалык жагы да оор абалда экенин белгилеп, калааны каптаган кара тутүндүн себептерин айтты. Ошондой эле депутат бир катар чечүү жолдорду сунуш кылды.

Белгилей кетсек, башкалаада абанын сапаты Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун белгиленген нормасынан 47,7 эсеге булганыч болууда. Мындай аба адамзаттын ден соолугуна олуттуу терс таасир этерин адистер белгилеп жатышат.

КЫРГЫЗ-АРАБ КЫЗМАТТАШТЫГЫ

Кыргыз-араб экономикалык кызматташтыгы жаңы демге ээ болду. Мунун далили катары интенсивдүү өз ара сапарлар, бизнес форумдар жана ишкер жолугушуулар, анын ичинде Кыргызстанда 100 млн АКШ доллары уставдык фонду менен биргелешкен холдинг компаниясын түзүү жөнүндө Макулдашуу саналат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Абу-Даби шаарында өткөн Экономикалык кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык кыргыз-эмират комиссиясынын 2-пленардык жыйынында билдирди.

Ал кошумчалагандай, 2019-2021-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттары менен соода жүгүртүүсү – 2,9 эсеге, анын ичинде экспорт – 5,4 эсеге, ал эми импорт 10,2%га өскөн.

Жапаров ошондой эле Кыргыз Республикасы БАЭге эт азыктарын, экологиялык жактан таза жашылча-жемиштерди, бал, кургатылган мөмө-жемиштерди, төө буурчакты, консерваланган продуктуларды жана кийизден жасалган буюмдарды жеткирүү көлөмүн жогорулатууга даяр экендигин белгиледи. Министрлер Кабинетинин башчысы энергетика тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, энергетика тармагына түз инвестиция тартуу, ГЭСтерди куруу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жаатында кызматташууну мындан ары да арттырууга кызыкдар экендигин билдирди.

ТАШИЕВ ТИК УЧАК МЕНЕН ОБЛУСТАРДЫ КЫДЫРАТ

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан жаңы сатып алган Airbus H145 үлгүсүндөгү тик учак менен Баткен, Жалал-Абад, Талас облустарын кыдырат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматы боюнча, Ташиев күч түзүмдөрүнүн кышка даярдыгын текшерип, чек ара коопсуздугун камсыздоо маселесин талкуулайт.

Президенттин маалыматтык саясат бөлүмү Airbus H145 үлгүсүндөгү дагы бир тик учак бюджеттин эсебинен Германиядан сатылып алынганын 11-декабрда билдирген. Ал Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) балансына өткөрүлгөн.

Быйыл август айында да ӨКМ Airbus H145 үлгүсүндөгү тик учак сатып алган. Тик учактардын баасы тууралуу маалымат берилген жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мекемеге таандык тик учактын ижарага берилгенин ырастап, коомчулукта талкуу жаралган. Министрлик тик учактын ижара акысы саатына 2300 доллар экенин маалымдаган.

КЕМПИР-АБАД: КАРМАЛГАНДАР АБАКТА КАЛДЫ

“Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деп шек саналып жаткан активист Илгиз Шаменов жана “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаев, саясат талдоочу жана журналист Айданбек Акматов, жарандык активист Чыңгыз Капаровдор 2023-жылдын 20-февралына чейин камакта калтырылды. Ушул эле иш боюнча үй камагына алынган Нурлан Асанбековдун да й камактагы мнт 20-февралга чейин узартылды.

Чечимди бүгүн, 12-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Сот залына алынып келинген айыпталуучу Айданбек Акматов бул иште эч кандай кылмыш, күнөө жок экенин айтты.

Белгилей кетсек, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча камалган 30га жакын саясатчы, активисттердин бөгөт чарасы карала баштады. Алар октябрь айында кармалып эки айга камалган.

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодескинин («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлгөнү кабарланган.

Шектүүлөр жашаган даректерде тинтүү жүргүзүлүп, Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, кармоо иштери жүргүзүлгөн. 24-25-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда  кармалган саясатчы жана активисттердин соту болуп, 20-декабрга чейин камакка алынган. Кийин шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Кармалгандардын маселеси Элдик курултайда да көтөрүлүп, шектүүлөрдүн айрымдарын үй камагына чыгаруу сунушу резолюцияга киргизилген.

ТЕМИРОВ КАЙСЫ КАРАЖАТКА ӨЛКӨДӨН ЧЫГАРЫЛГАН?

Журналист Болот Темировду депортациялоого кеткен каражат мамлекеттик бюджеттен алынганын Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өзүнүн Телеграм каналында кабарлады. Ал Темировду өлкөдөн чыгарууга кеткен каражатка байланыштуу Ички иштер министрлигине жазган катына жооп алган. Министрликтин түшүндүрмөсүндө 23-ноябрда соттун чечимин ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттин эсебинен «Авиа Трафик» компаниясынан «Бишкек-Москва» каттамы боюнча билет алынганы жазылган.

Иликтөөчү журналист Болот Темиров 23-ноябрдын кечинде «Манас» аба майданынан күч менен Бишкек-Москва каттамына отургузулган жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин коштоосунда өлкөдөн чыгарылган.

Анын алдында Бишкек шаардык соту журналистти депортациялоо тууралуу чечим чыгарган.

Количество просмотров: 217