Кыргызстанда COVID-19ду жуктургандар көбөйө баштады. Бул тууралуу Республикалык штабмаалымдады.
Адистердин айтымында ,вирус жай мезгилинде күч алат. Коронавирус мутацияланып жатат. Жаңы штаммдар чыкпарына кепилдик жок.
«Коронавирустан улам ооруканада дарыланып жаткандардын басымдуу бөлүгү эмдөөдөн өткөн эмес», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, акыркы суткада коронавирустун жаңы 28 учуру катталды.