• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Штаб: Кыргызстанга COVID-19дун жаңы түрүнүн киришине жол бербөө боюнча чаралар кабыл алынды

25 Бештин айы 202014:13 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик тармактык органдар аркылуу Кыргыз Республикасына коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын киришине жол бербөө боюнча чаралар кабыл алынууда. Аталган маселени кароо жыйынтыгы боюнча Республикалык ыкчам штаб тийиштүү коопсуздук чараларын камсыздоону тапшырды.

Жооптуу мамлекеттик түзүмдөргө башка мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары, анын ичинде түз транспорттук байланыштарга ээ болгон мамлекеттер менен коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын жайылышы, аны диагностикалоо жана дарылоо маселелери боюнча, ошондой эле ага өз учурунда жооп кайтаруу жана калктын коопсуздугун камсыздоо максатында тыгыз аракеттешүүсү тапшырылды.

Чек араларда санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана башка коопсуздук чараларын көзөмөлдөө күчөтүлдү.

Республикалык штабдын кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча, тармактык органдарга үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин саламаттык сактоо мекемелериндеги медикаменттер жана тамак-аш боюнча кредитордук карыздарга жол бербөө жана аларды максималдуу жабуу максатында саламаттык сактоо уюмдарынын чыгымдарын оптималдаштыруу боюнча чараларды кабыл алуу тапшырылды.

Количество просмотров: 123