Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 7-августка карата Бишкек шаарында коронавирус жугузуп алгандар арасында өлүм учуру катталган жок. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн эртең мененки онлайн жыйында айтылган.
Бирок ошол эле учурда депутат Мирлан Жээнчороев статистикалык маалыматтын чындыкка дал келбей турганын «Твиттердеги» баракчасына жазды.
«Эртең менен шаардагы өлүкканалардын биринде болдум. Досумдун апасы пневмониядан каза болду. Андан тышкары, алар түн ичинде ооруканада жана өлүкканасында дагы бир нече адам пневмониядан каза болгонуна күбө болушкан», — деп жазган ал.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы жогорудагы маалымат боюнча комментарий берди.
«Өткөн суткадагы статистика 20.00дөн 20.00гө чейин жазылып, иштелип чыгат жана эртең менен жарыяланат. Эгер ушул убакыттан кийин өлүм катталса, ал кийинки күндүн статистикасына киргизилет ”, — деп билдиришти Саламаттык сактоо министрлигинен.