• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Штаб: Пакистанда коронавируска чалдыккан Кыргызстандын 6 жараны бар

10 Чын куран 2020 14:21 Бишкек Govori.TV

Бул тууралуу республикалык штабдан  билдиришти. Мындантышкары, Пакистанда каза болгон кыргызстандык ошол жакта жерге берилгени айтылат.

«Пакистанда У.А. аттуу 1947-ж.т. кыргызстандык жүрөк оорусунан каза тапты, анда COVID-19 инфекциясы да бар экени аныкталган. Көз жумган жарандын экинчи тесттеринин жыйынтыгы күтүлүп жаткан, ал карантиндик зонада болчу. Улгайган курагынан улам анда башка тубаса илдеттери да өрчүп кеткен. Маркумдун туугандарынын макулдугу менен сөөк Пакистанга коюлду. Жалпысынан Пакистанда коронавирус инфекциясына чалдыккан Кыргызстандын 7 жараны бар. Бирөөсү каза болуп, алтоосу обсервацияда калууда»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 102