• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Шукуров Беларусиянын «Торпедо-Белаз» клубу менен келишим түздү

28 Жалган куран 2024 17:22 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчусу Алимардон Шукуров Беларусиянын Жогорку Лигасында ойноп жаткан «Торпедо-Белаз» ФК менен келишим түздү. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

2023-жылкы сезондо Алимардон Шукуров «Неман» клубунун курамында 31 беттеш өткөрүп, 5 гол киргизип, 7 ассист берди.

Шукуров Кыргызстандын улуттук курамасында 2017-жылдын 14-ноябрь айында Макао менен болгон беттеште дебют жасаган. Жалпысынан курама үчүн 29 беттеш өткөрүп, 5 гол киргизген.

2024-жылкы Азия Кубогунун даярдыгы учурунда Шукуров жаракат алып калган. Андыктан, оюнчу азиялык биринчиликтин оюндарын өткөрүп жиберип, акыркы эки оюн үчүн даярдыкка дагы чакырылган эмес.

Белгилей кетсек, «Торпедо» Беларусиянын Жогорку Лиганын 2023-жылкы сезонунда 12 жолу жеңишке жетип, 13 ирет тең чыгып жана 3 жеңилүү ызасын тартып, 3-орунду ээлеген.

Количество просмотров: 116