• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Швецариянын элчиси: Суу менен камсыздоо боюнча долбоор өкмөт тарабынан иштетиле элек

1 Жетинин айы 2018 11:10 Бишкек Govori.TV
Бишкек.01.11.2018.Govori.TV
Суу менен камсыздоо боюнча долбоор өкмөт тарабынан иштетиле элек. Бул тууралуу Швецариянын Кыргызстандагы элчиси Вероника Ульман, президент Сооронбай Жээнбековдун Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө ар тараптуу салым кошуп келе жаткан донорлор менен болгон жолугушууда айтты.
“2030-жылга чейин Улуттук стратегияны иштеп чыккан адам катары айткым келет. Өнүгүү боюнча мониторинг жүргүзүү тууралуу жакшы сунуштарды берип келебиз. Биз үчүн санариптик экономикага өтүү бул жылдын аягына чейин абдан маанилүү болот. Мониторинг изилденип чыкса эң сонун болот эле. Суу менен камсыздоо боюнча маселелер менен дагы иштешип келебиз. Бул доолборду иштеп чыкканбыз, бирок өкмөт тарабынан иштетиле элек. Бизге ошол кечендетүүнүн себебин билгибиз. Бул иште болуп жаткан индекаторду алар колдоп турса жакшы болот эле”,-деди элчи.
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө ар тараптуу салым кошуп келе жаткан донорлор менен «Ала-Арча» мемлекеттик резиденциясында жолугушуу уюштуруп жатат. Жолугушууга Германиядан, Россиядан, Кытай Эл республикасынан, Япониядан, АКШдан, Түрциядан, Кореядан,Индиядан, Катар мамлекетинен, Араб эмиратынан , Азербайжандан ж.б өлкөлөрдөн келген элчилер катышууда.
Количество просмотров: 31