• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Швейцарияда Токаев жана анын уулуна тиешеси бар фонд жоюлду

6 Бирдин айы 2024 9:15 Бишкек Govori.TV

Швейцарияда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана анын уулу Тимур Токаев менен байланышы бар  Fondation pour une Diplomatie Innovante  (Француз инновациялык-дипломатиялык фонду – ред.) фонду жоюлганы кабарланууда.

Уюмдун жабылганы Швейцариянын Юстиция министрлигинин 23-январда Suisse Official Commerce гезитинде жарыялаган кабары менен далилденет.

Документке ылайык, сот 2024-жылдын 11-январындагы чечиминде уюмду банкрот деп тааныган.

Fondation pour une Diplomatie Innovante фонду 2013-жылы түзүлгөн. Анын максаты элдердин ортосундагы тынчтык мамилелерди бекемдөө, дипломатияны өнүктүрүү экенин айтылган.

Фонддун мүчөлөрү – Касым-Жомарт Токаев (ал президент катары көрсөтүлгөн), анын уулу Тимур Токаев жана маркум, швейцариялык дипломат Луциус Васеша.

2022-жылдын январында «Важные истории» долбоору Касым-Жомарт Токаевдин байлыгы жөнүндөгү иликтөөсүндө Инновациялык-демократиялык фонд тууралуу жазган. Бул уюм жөнүндө Казакстан президентинин жана анын жакындарынын АКШдагы, ошондой эле Европадагы, анын ичинде Швейцариядагы болжолдуу мүлктөрү сүрөттөлгөн бөлүмдө айтылган.

Иликтөөчүлөр фонддун иши түшүнүксүз экенин, анын веб-сайты эч качан иштебегенин жазышкан.

Количество просмотров: 78