• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Шыгаева: Мугалимдердин, балдардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн депутаттыкка аттандым

19 Бирдин айы 2023 10:53 Бишкек Govori.TV

17-18-19-февраль күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында кезектеги окутуу иш-чарасын өткөрүп жатат. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынан жалпы 17 айым келген. 7 дубандан келген айымдардын ичинде мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү кеңештин депутаттары,мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.

Алардын бири 40 жаштагы Наргиза Шыгаева. Ал Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты.

«Мен биринчи жолу жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайландым. Ал эми кесибим — мугалим, мектепте окутуу жана тарбия иштери боюнча директордун орун басарымын. Өзүм балдар менен көп иштеп жана мектептеги көйгөйлөрдү билгендиктен, ошол мугалимдердин, балдардын кандайдыр бир көйгөйлөрүн чечүү үчүн депутаттыкка аттангам десем болот. Мени абдан ойлондурган нерсе, ден соолугунан чектелген балдардын билими. Себеби алар толук кандуу билим ала албай калат, ошондуктан бул жаатта иш алып барсам деген ойлорум бар», — деди Шыгаева.

Количество просмотров: 567