• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Шыкмаматов тендердин ишине толук катышкан эмес. Мектептерде 30-январга чейин окуу токтотулат

25 Үчтүн айы 2018 17:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек.25.01.2018.Govori.TV

Депутат Алмамбет Шыкмаматов тендердин ишине толук катышкан эмес

“Ата Мекен” фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматовдун иши Бишкек шаардык сотунда каралып жатат. Соттук процесс учурунда Шыкмаматов 2011-жылы Эсептөө палатасынын аудиторлоруна кызматтык унаа сатып алууга бөлүнгөн 4 миллион сомго сапаттуу машина сатып алуу керек болгонун билдирди. Шыкмаматовдун айтымында ал аталган палатанын аудитору болгону менен мекемелердеги каржылык текшерүүлөргө катышкан эмес. Ал эми процесске күбө катары катышкан унаанын  ээси Айбек Айдаров унаасын Эсептөө палатасына 17 миң долларга баалап, бирок 14 миң долларга сатканын билдирди. Эсиңиздерде болсо, айыптоочулар 2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турганда Шыкмаматов унаа сатып алуу тендеринде коррупциялык ишке аралашкан деген айып коюшкан. Биринчи май райондук соту Алмамбет Шыкмаматовго 5 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирген. Бирок, Шыкмаматов бул чечимге макул эместигин билдирип Бишкек шаардык сотуна кайрылды.

Катуу сууктан улам 26-январдан 30-январга чейин Кыргызстандагы мектептерде окуу процесси токтотулат.

Катуу сууктан улам 26-январдан 30-январга чейин Кыргызстандагы мектептерде окуу процесси токтотулганын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, мындай чечим тиешелүү мыйзамга ылайык, балдардын саламаттыгын сактоо максатында кабыл алынды. Ага ылайык, беш күн билим берген мектептерде окуу программалары ишемби күндөрдүн эсебинен толукталат. Ал эми алты күндүк менен иштеген мектептер азыркы эс алуу күндөрүн жазгы каникулда толуктайт.

Казакстанда суукта калган кыргызстандыктар куткарылды

Казакстандын Акмоло облусунда Алматы-Екатеринбург трассасында кыргызстандыктар түшкөн автобус бузулуп калган.  «Казинформ» маалымат агенттиги кабарлагандай, автобус Жалал-Абад-Пермь-Москва багыты боюнча бараткан. Анын ичиндеги 21 кишинин баары кыргызстандыктар болгон.  Алардын баары аман-эсен. Сууктан үшүп калган жүргүнчүлөр Астраханка айылындагы жылытуу пунктуна жайгаштырылган.Ал эми  алар  жолго качан чыгары кабарланган жок. Кыргызстандын тиешелүү мекемелери да бул маалымат тууралуу комментарий бере элек. Белгилей кетсек, Өкмөттүн тапшырмасы менен Казакстанда кан жолдордун боюна жолоочулар үчүн жылынып, ысык тамак иче турган убактылуу жайлар уюштурулган.

 

 

Количество просмотров: 7