Бишкек.17.04.2019.Govori.TV.
“Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун Башкы прокурорго катуу айтты. Ал Башкы прокурор Жамшитбек Өткүровго кайрылып, кийин бул иш тарыхта прокурордун чала сабаттыгы болуп калбасын деди.
Шыкмаматов Текебаевдин адвокаттары менен бирге жаңы ачылган жагдайларды дагы бир жолу карап туура юридикалык баа берүү боюнча расмий кайрыларын билдирди.
“Ө.Текебаев бир далили жок жалган жалаа менен отурат. Атамбаевдин өзүм билемдигин, анын коррупциялык иштерин, мыйзамсыз там салгандыгын, Дача-Су кырсыгын, кландык системасын түзгөндүгүн ушул трибунада кайра-кайра айткандыгы үчүн Атамбаев чөнтөк прокурор, чөнтөк сот аркылуу каматкан.”
Адилеттик орнойт деп Башкы прокурордон үмүт артып жаткандыгын кошумчалап, бул ишке Жамшитовду көңүл буруусун талап кылды.