• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Шыкмаматов «Бир Бол» менен шайлоого барат

17 Кулжа 2020 17:25 Бишкек Govori.TV

«Ата Мекен» фракциясынын мурдагы лидери Алмамбет Шыкмаматов «Бир Бол» партиясы менен шайлоого барат. Бул тууралуу ал «Санжыра» радиосуна берген маегинде билдирген.

Маалыматка караганда, аталган партия күздө өтө турган парламенттик шайлоого даярдыктарды баштаган.

«Буюрса шайлоого «Бир Бол» партиясы менен барам. Алтынбек Сулайманов экөөбүз азыр биригүү процессин жүргүзүп жатабыз. Аталган партиянын тизмеси 95% жаңырат»,-деп билдирген Шыкмаматов.

Эске салсак, 2019-жылдын 26-декабрь күнү “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов депутаттык укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берген. Ал мындай чечимди партиянын лидери Өмүрбек Текебаев менен болгон пикир келишпесиктен улам кабыл алганын журналисттерге айткан.

https://www.facebook.com/100003016430223/videos/2821970671246786/UzpfSTEwMDAwNTUzODQ2NDQ4MjoxMzkwOTQxMDQxMTAwNDk4/
Количество просмотров: 137