• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Шыкмаматов: Саляновага кылмышкерлер аркылуу психологиялык басым жасалууда

12 Кулжа 2019 9:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.06.2019.Govori.TV.

Аида Саляновага кылмышкерлер аркылуу психологиялык басым жасап, укук коргоочулар андан тийиштүү көрсөтмөнү алуу аракерти болуп жатканын ЖК депутаты Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Бул тууралуу Slon.kg агенттиги жазды.

“Биз бүгүн бир нече депутаттар №1 тергөө абагына барып Саляновадан кабар алдык. Ал жерде Салянованын инисин өлтүргөн кылмыштуу топтун башчысы кармалып туруптур. Мунун өзү эле ага карата моралдык басым, коркунуч болуп жатканын далилдеп турат. Негизи эле укуктук мамлекеттерде Башкы прокурор болуп иштеген адамды жалпы кылмышкерлер менен бирге отургузбай, өзүнчө бөлүп отургузат. Салянованы УКМКнын камоо жайына алып баруу керек эле”, — деди Шыкмаматов

Буга чеийн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы №1 тергөө абагында Аида Салянованын өмүрүнө эч кандай коркунуч жок экенин билдирген.

Белгилей кетсек, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова 3-июнь күнү кечинде камакка алынып, 26-июнга чейин камакта калтырылган

Количество просмотров: 50