Бүгүн, 11-октябрда «Ынтымак» саясий партиясы Бишкекте курултайын өткөрүп, парламенттик шайлоого катышуу үчүн талапкерлердин тизмесин бекитти.
Ал эми тизменин алдыңкы сабында парламент депутаттары Чыңгыз Макешов, Марлен Маматалиев, Сагындык Келдибаев, Рада Түмөнбаева, Талант Мамытов, экс-депутат, мурдагы инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов, Бишкектин мурдагы мэри Балбак Түлөбаев, президент Садыр Жапаровдун коомдук башталыштагы кеңешчиси Адинай Марипова, «Чоң Казат» партиясынын мүчөсү Жаркынбек Касымбеков, блогер Эрулан Кокуловтар бар.
Эске салсак, «Ынтымак» жана «Келечек» партияларынын лидерлери 6-октябрда шайлоого чогуу баруу максатында макулдашууга кол коюшкан.