Шыкмаматов: Өмүр бою «камаш керек» деп келген Токон Мамытов Акыйкатчы боло албайт
Шыкмаматов: Өмүр бою «камаш керек» деп келген Токон Мамытов Акыйкатчы боло албайт
26 Аяк оона 2018 16:28 Бишкек Govori.TV
Бишкек.26.09.2018.Govori.TV.
Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов, Токон Мамытовду татыктуу Акыйкатчы боло албайт деген оюн айтты. Бул пикирди эл өкүлү Парламенттин жыйынында Акыйкатчыны тандоо учурунда сунуш катары билдирди.
«Бизге баа бере турган коомчулуктун оюу биз жөнүндө өтө жакшы эмес, ал белгилүү. Мына бүгүнкү күн да сыноо, бүт эл карап турат.Өмүр бою саясаттагы проблемаларды «камаш керек», «иш козгош керек», «досье чогуртуш керек», «компромат чогултуш керек»,- деген адам кантип адам укугун коргойт? Балким жакшы генералдыр, жакшы адамдыр (мен да жакшы билем), билимдүүдүр, бирок, табиятынан күч органдарында жүргөн адам кантип кайра күч органдары менен күрөшөт. Акыйкатчы өзү күч органдары, милиция менен күрөшө турган орган – адам укугун бузбагыла деп. Кантип анан ушуга биздин аң сезимибиз жетпейт… Досье чогултканынын далили мына Бахадыр Сулаймановко компромат чогултуп МВДга бердим деп атат. Токон Мамытовду татыктуу Акыйкатчы боло алаарына ишене албайм, андан көрө күч органдарын жетектесин»,-деди Шыкмаматов.
Жаманбаева психиатриялык оорулар менен жабыркаган адамдардын укуктарын камсыздоого чакырат
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды психиатриялык оорулар менен жабыркаган адамдардын укуктарын камсыздоого чакырат. …
КРдин Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Монголиянын адам укуктары боюнча улуттук комиссиясынын башчысы Жаргалсайхан Хунан менен жолугушту. Акыйкатчылыктан …