• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Шыкмаматов: Жыйын жабык өтсө мен комиссиядан чыгам

31 Бугу 2019 10:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек.31.05.2019.Govori.TV.

Жогорку Кеңеште «КТ Мобайл» мекемесинин ишмердүүлүгүн иликтеген комиссиянын жыйыны өтүүдө.

Жыйынды жабык өткөрүү боюнча Гүльшат Асылбаеванын сунушу талкууланып, нааразылык көрсөткөн кесиптештери болду.

Детутат Алмамбет Шыкмаматов, «Эгерде жыйын жабык өтсө, комиссиядан чыгам», — деп билдирди. Ошондой эле Асылбаеванын «Айрым эл өкүлдөрү өздөрүн пиар кылып жатат»-деген пикирине жооп катары Шыкмаматов «Биз сиздерди премьерге кошомат кылбагыла»-деп айткан жокбуз деди.

Мындан сырткары депутат жыйынды жабык өткөрсөк парламентке шек келерин эске салып, кабыл алынган чечим мыйзамсыз болкп калаарын айтты. Мындан сырткары жыйындын ачык болушуна премьер-министр кызыктар болушу абзел деди.

Жыйынтыгында отурумду ачык өткөрүү чечими кабыл алынды.

Количество просмотров: 9