Кыргызстандын бийлиги, өлкө жетекчилиги, күч органдарынын башчылары өзүбүзгө эле кыйын экенсиңер. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев бүгүн, 7-июлдагы жыйында билдирди.
Депутаттын айтымында, башка өлкөнүн атайы кызматы келип, Кыргызстандын жаранын алып чыгып кеткени кордук.
«Кыргызстандын бийлиги, өлкө жетекчилиги, күч органдарынын башчылары өзүбүзгө эле кыйын экенсиңер. 5-6 саясатчыны камап, кустуруу менен өлкөнү башкарып жатабыз жана кыйынбыз деп ойлойсуңар. Өлкөнү башкарыш үчүн чек араны коргоп, жарандарды сакташ керек. Башка өлкөнүн атайы кызматы келип, Кыргызстандан биздин жаранды алып чыгып кеткени кордук. Кыргызстан эгемендүү мамлекетпи? Азыр парламенттик өлкө болгондо баарынын четинен отставкасын талап кылышыбыз керек эле. Тилекке каршы, биздин колдон келбейт. Каяктан алып чыгып кетти? Чек ара кызматынын башчысы кантип отурасыз? Сиз кызматтан кетишиңиз керек да. Биздин жаран Түркиядан чыгып жатпайбы. Жетекчилер жазасын алыш керек. Азыр албасаңар дагы 10-15 жылдан кийин сөзсүз аласыңар. Анткени силер шалаакылыкка жол бердиңер, экинчиден бул чыккынчылыкка тете. Башка өлкө «биз силердин жараныңарды каалаган убакта уурдап кетебиз, эмне кыла аласыңыр» деди. Унчукпай отурабыз мына! Кечээ эле коңшу мамлекетке барып, баарыңар колуңарды төшүңөргө алып ийилип турдуңарго ошондой эле кеп. Элди мынчалык басмарлабагыла. Эл Атамбаевдин берген жообун аргасыздан алкап отурат. Эмне мынчалык мажүрөө, байкуш болосуңар?»,-деди депутат.