• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Сирияда согушка катышкан Жалал-Абаддын тургуну кармалды

5 Жетинин айы 2019 11:18 Бишкек Govori.TV

Издөөдө жүргөн эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды, — деп кабарлайт КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы.

Билдирүүгө ылайык, үстүбүздөгү жылдын октябрь айында “Жалданмачылык” беренеси боюнча издөөдө жүргөн Жалал-Абад облусунун 1995-жылкы Х.М., аттуу тургуну кармалган.

«Кармалган адам 2015-жылы Сирияга кетип, диверсиялык-террористтик атайын даярдыктан өтүп, Сирия өкмөтүнө каршы согушка катышкан. Кылмыштуу максаттарын жашыруу үчүн КМШ мамлекеттеринин биринде эмгек мигранты катары жашырынып жүргөн. Азыркы убакта колго түшкөн жаран Жалал-Абад шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп кабарлашты комитеттен.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 224