• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Сириянын өкмөт күчтөрүнүн аба соккуларынан кеминде 33 түрк аскери мүрт кетти

28 Бирдин айы 2020 18:34 Бишкек Govori.TV

Сирия армиясы Орусиянын көмөгү менен Идлибге урган соккудан 33 түрк аскери мүрт кетти. Анкара буга жооп кайтарды.

Түркиянын Сирия менен чектеш Хатай провинциясынын губернатору Рахми Догандын айтымында, Идлибдеги соккулардан жараат алган дагы 30дан ашуун жоокер ооруканага жеткирилди:

«Тилекке каршы, жети аскерибиз оор жарааттан улам көз жумду. Аба соккунун жыйынтыгында жалпысынан 29 аскерибиз набыт кетти».

Орусиянын көмөгү менен президент Башар Асаддын күчтөрү жүргүзгөн соккуларга жооп кайтарыларын Түркия президентинин администрациясы билдирди.

Сирия өкмөтү Идлибдеги соңку эскалация боюнча үн ката элек. Ал эми Орусиянын коргоо министри чабуулга кабылган түрк аскерлери «террорчулардын» арасында болгонун жүйө келтирди.

Орусия менен Түркиянын лидерлери телефон аркылуу кырдаалды сүйлөшкөнүн орус тышкы иштер министри Сергей Лавров кабарлады.

Соңку маалыматтарга караганда, Орусиянын Кара деңиздеги флоту канаттуу ракета менен жабдылган эки аскердик кемесин Жер ортолук деңизи аркылуу Сириянын жээгине жөнөтмөй болду.

Москванын колдоосу менен өкмөттүк күчтөр козголоңчулардын акыркы таянычы болуп эсептелген Идлибдеги операциясын былтыр жыл соңунда баштаган.

Ай башынан берки кагылышта 54 аскер окко учканы маалым болду. Соккудан улам жүз миңдеген адамдар үй-жайын таштап, башка аймактарга чыгып кетти.

Идлибдеги гуманитардык кризис курчуп баратканын эл аралык уюмдар айтып, коңгуроо кагышууда. ЮНИСЕФтин аткаруучу директору Генриета Форе БУУнун Адам укуктары боюнча агенттигинин маалыматына таянып, Идлиб менен Алепподо 300дөй жайкын тургун каза болгонун, 900 миңдей адам, анын ичинде 1,5 миллиондой бала турак-жайын таштап чыгып кеткенин кабарлады.

Кошмо Штаттар «НАТО боюнча өнөктөшү Түркияны колдорун» айтып, Сирия менен Орусиядан Идлибдеги аскердик аракеттерин токтотууну талап кылды. НАТОнун жетекчилиги Түркиянын суранычы боюнча Сириядагы кырдаалды талкуулоо үчүн жума күнү чогуларын баш катчы Йенс Столтенберг «Твиттерге» жазды.

Столтенберг ага чейин Идлбидеги Сирия режими менен Орусия күчтөрүнүн туш келди жүргүзгөн соккуларын айыптап, аталган эки мамлекетти чабуулду токтотууга, эл аралык мыйзамдарды сыйлоого жана тынчтык орнотуу боюнча БУУнун аракетин колдоого чакырган.

Орусиянын БУУдагы элчиси Василий Небензя «Сириядагы абалды бир гана террорчуларды жок кылуу менен турукташтырса болорун» билдирди. Ал эми НАТОдогу АКШнын элчиси Кей Бейли Хатчисон түрктөрдү Сириядагы кагылышуудан сабак алууга жана чыныгы өнөктөштөрдү айырмалай билүүгө чакырды.

«Мен президент Режеп Тайып Эрдоган биз гана алардын мурдагы жана болочоктогу өнөктөшү экенибизди түшүнөрүнө үмүттөнөм», — деген Хатчисон Анкара Орусиядан С-400 ракетадан коргонуу системасын сатып алуудан баш тартышы зарыл экенин кошумчалады.

Түркия Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб провинциясындагы козголоңчуларды колдоо максатында миңдеген аскерлерин жиберип, оор аскердик техника жайгаштырган. Анкара өкмөттүк күчтөр чабуулга чейинки тилкеге кайтпаса, аскердик операцияны баштарын эскертип келет.

Бул кадамдар Түркия Сириядагы Орусиянын аскерлери менен кагылышып кетеби деген тынчсызданууну жаратууда.

Орусия Иран менен катар өлкөдөгү жарандык согуш маалында Сирия президенти Башар Асадды аскердик жана каржылык жактан колдоп турган.

Сириядагы 2011-жылы башталган согуш 400 миңдей адамдын өмүрүн алды. Миллиондогон адам бозгунга айланды.

Булак: «Азаттык«

Количество просмотров: 354