• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Сиз антип мага колуңуз менен кекетпеңиз». Төрага менен депутат айтыша кетти

22 Бугу 2019 10:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.05.2019.Govori.TV

Бүгүн ЖКнын жалпы жыйынында депутат Экмат Байбакпаев менен төрага Дастан Жумабеков айтыша кетишти.

Жыйында депутат Байпакпаев күйүүчү май контрабандалык жол менен ташылып жатканын айтып чыкты. Ал парламентте өкмөттүк саат өткөрүп, эс алууга кеткенге чейин бул маселени кароону сунуштады.

Ошондой эле дагы бир нече депутат контрабанда маселесин көтөрүштү. Ал эми төрага тийиштүү комитетке тапшырма берилгенин жана маселе ал жерде каралып, күн тартибине киргизиле турганын айтты.

Депутат Экмат Байбакпаев кайрадан сөз сураганда төрага Дастан Жумабеков ал үчүнчү жолу микрофонго чыгып жатканын белгиледи.

Буга: «Урматтуу төрага, чукул маселе болгондо 10 жолу чыкса да болот, бул экономика. Саясатка келгенде баарыбыз эле сүйлөп чыгабыз. Экономиканы өлтүрүп жатабыз, ушул маселени көтөрүп жатам. Сиз комитетке бериңиз, эмдиги жума чыгарсын. Эмдиги жумада күн тартибине киргизели»,-деди депутат.

Андан соң төрага «Мен эмне деп атам Экмат Жоракматович?»,-деп суроо салды.

«Сиз айтып жатасыз берип койдук тапшырма деп. Берип койдук деген эмки жума, анан 1 айдан кийин… Ушуну айтып жатам сизге»,-деген депутатка төрага Дастан Жумабеков: «Бердик, комитет карайт. Сиз антип мага колуңуз менен кекетпеңиз. Бир аз этияттап сүйлөсөңүз»,-деген сөзүн айтты.

Количество просмотров: 13