• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Сиз аны эмне үчүн төрөдүңүз?». Вице-мэр Чыныбаева талкуу жараткан сөзү боюнча жооп берди

15 Бирдин айы 2021 10:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева шаарда мектептер менен бала бакчалардын ачылышы боюнча жарандар менен жолугушуу учурунда болгон окуяга комментарий берди. Айжан Чыныбаева өзү айткан сөздөр контексттен чыгарылган деп билдирди.

«Биз үчүн жарандардын ден-соолугу жана өмүрү башкы приоритет. Бишкекте вирус өлкөнүн аймактарына караганда тезирээк жайылышы мүмкүн, жана миллиондон ашуун жашоочу бар шаардагы эпидемиологиялык кырдаал үчүн биз белгилүү бир жоопкерчиликти аркалайбыз. Көпчүлүк ата-энелер бул позицияны түшүнүшөт жана макул болушат. Эгерде Бишкек шаарынын мэриясы эпидемиологиялык абал жакшы болуп, дарыгерлер уруксат берсе, мектептерди акырындык менен ачуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Ар бирибиз жооп берели, биз шаар үчүн, ал эми ата-эне балдары үчүн», — деп жазган Чыныбаева фейсбук баракчасына.

Белгилей кетсек, сөз 12-февралда болгон жолугушуу жөнүндө болуп жатат. Андан кийин, жолугушуу учурунда ата-энелер муниципалитетти жана вице-мэрди атайын мекемелерди ачкан жок деп айыпташкан Ошондой эле, ата-энелер балдарга күч жетишпестигин кошумчалап, мектеп жана бала бакчаларды ачууну талап кылып жатышкан. Вице-мэр өзү баардыгын түшүнөөрүн, бирок биринчи кезекте ата-эне жооп бере турганын айткан.

«Эгер алардын баласына бир нерсе болуп калса, ал мектепте ооруп калса, анда мэрия жооп берүүгө аргасыз болот. Бирок бул эң жаман нерсе эмес. Жашоону кайтарып бере албаганың коркунучтуу», — деди Айжан Чыныбаева.

Ал эми 14-февралда, жыйын учурунда тартылган видеонун уландысы тараган. Анда вице-мэр шаардыктардын бири менен сүйлөшүп жатып, «Сиз аны эмне үчүн төрөдүңүз? эгер жоопкерчилик ала албасаңыздар» — деген.

Вице-мэрдин бул сөзү коомчулукта катуу талкууга алынган.

Эске салсак, 2018-жылы интернетте Иваново облусунун Заволжск администрациясынын башчысы Александр Предтеченский арыз менен кайрылган шаар тургуну Анастасия Афанасьеваны каккан видео тараган. Аялдын айтымында, жетим болгондуктан, Заволжск администрациясы ага бекер батир берген, бирок турак жайдын канааттандырарлык эмес шартта болгондуктан ал жерде бала менен жашоо мүмкүн эмес. Администрациянын башчысы оройлук менен аялга, «эмне үчүн бала төрөдүң» деп жооп кайтарган. Бул көрүнүш коомчулук тарабынан талкууга алынган.

Количество просмотров: 284