Кара-Кулжа районунда 24 жаштагы аял асынган абалда табылды.
Ош облустук милициянын маалыматы боюнча, окуя 18-июль күнү катталган. Аймактык тергөөчү айылдардын биринде аял киши үйүндө асынып каза болгондугу тууралуу кабар алып, райондук милицияга билдирген.
Аталган факт Маалыматтык электрондук журналга катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө 2002-жылы туулган К. кызы Ж. аттуу жаран жашаган үйүндөгү мал сарайында асынып каза тапканы маалым болгон.
Өлүмдүн так себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды.