• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Соң-Көлдөн синтетикалык торлор алынды

1 Кулжа 202611:07 Бишкек Govori.TV

Соң-Көлдөн 1 миң метр мыйзамсыз синтетикалык тор табылды.

Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, Соң-Көл аймагында рейддик иш-чаралар үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. 30-май күнү жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Соң-Көл көлүнүн жээгиндеги Ак-Талаа районунун Таш-Дөбө участогунан 3 даана капка салынган, жалпы узундугу 1 000 метрди түзгөн синтетикалык балык уулоочу тор табылып, алынган.

Белгиленгендей, мыйзамсыз балык уулоого каршы күрөшүү жана көлдүн экосистемасын сактоо максатында рейддик жана алдын алуу иш-чаралары мындан ары да улантылат.

Количество просмотров: 92