• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Соң-Көлдөн торлор чыгарылды

22 Кулжа 202611:09 Бишкек Govori.TV

20–21-июнда Соң-Көлдө жаратылышты коргоо багытындагы кезектеги рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору жана “Каратал-Жапырык” мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери тарабынан көлдөн жалпысынан 5 300 метрден ашык тор чыгарылды.

Белгилей кетсек, бул иштер Соң-Көлдүн экосистемасын сактоо жана балык ресурстарын коргоо максатын көздөйт. Жаратылышты коргоо боюнча рейддер мындан ары да үзгүлтүксүз уланат.

Количество просмотров: 66