Соң-Көлдөн 2 миң метрге жакын мыйзамсыз балык уулоочу торлор чыгарылды.
Рейддик иш-чараларды Экологиялык көзөмөл кызматынын инспекторлору «Каратал-Жапырык» мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери менен биргеликте өткөрүштү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө көлдүн акваториясы кылдат каралып, мыйзамсыз коюлган синтетикалык торлор алынды. Жыйынтыгында суудан көп убакыт мурун ташталган, болжол менен 2 миң метрдей эски торлор чыгарылды.