Бүгүн, 28-июлга карата Кыргызстандын аймагында дагы 996 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар:
— Бишкек шаарында — 603 адам;
— Чүй облусунда — 126 адам;
— Жалал-Абад облусунда — 92 адам;
— Баткен облусунда— 58 адам;
— Ысык-Көл облусунда — 56 адам;
— Ош облусунда — 26 адам;
— Нарын облусунда — 14 адам;
— Талас облусунда — 12 адам;
— Ош шаарында — 9 адам.
Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 160 085 адам коронавирус жуктурган.