• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылык: Ошто көпүрөдөн кулаган кичи автобустагы жүргүнчүнүн абалы оор

3 Аяк оона 2018 15:03 Бишкек Govori.TV
Бишкек.03.09.2018.Govori.TV.
Ош шаарында көпүрөдөн кулаган кичи автобустагы бир жүргүнчүнүн абалы оор. 48 жаштагы аялдын буту жана колу сынган.
Кырсыкта алты жүргүнчү жараат алган. Алардын төртөө тез жардам көрсөтүлгөн соң үйгө кетишкен. Экөө ооруканада жатат.
Окуя 2-сентябрда түш ченде Филармониянын жанындагы чоң көпүрөдө болгон. Расмий маалыматка караганда, 102-каттамдагы кичи автобустун айдоочусу башкарууну жоготуп, сол тарапта турган автомашинаны сүзүп, андан соң көпүрөдөн төмөн карай оодарылып кеткен.
27 жаштагы айдоочу жараат алган эмес. Ал кол телефону колунан түшүп кетип, аны алууга аракет кылып жаткан учурда башкарууну жоготуп койгону айтылууда.
Экспертиза айдоочу мас эместигин аныктады. Милиция териштирүү иштерин улантууда.

Количество просмотров: 3