• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Соңку жаңылыктан: Бишкекте курал менен коркутууга шектелген жаранды кармалды. Чек арада жер силкинди

29 Бештин айы 202014:14 Бишкек Govori.TV

КУРАЛ МЕНЕН КОРКУТКАН АДАМ КАРМАЛДЫ

Бишкек шаарында курал менен коркутууга шектелген жаранды кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 28-декабрда Милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 12:00 чамасында Ч. Айтматов көчөсүндө жолдун ортосунда эки жаран урушуп жаткандыгын көрүшкөн. Аталган дарекке Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, окуянын чоо-жайын тактаган. Анда эки айдоочу жол талашып урушуп, бири белгисиз үлгүдөгү тапанча менен экинчисин коркутуп жаткандыгы белгилүү болгон.

Кайгуул кызматкерлери эки тараптын урушун токтотуу менен бирге белгисиз курал алып жүргөн 1996-жылы туулган К.Б. аттуу жаранды кармашып, Ленин райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Бул факты боюнча Ленин райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүүдө.

ДОБУШ БЕРҮҮГӨ КАТТАЛУУНУН АКЫРКЫ КҮНҮ

29-декабрь — катталган аймагынан башка жакта жашаган жарандар президенттик шайлоодо жана референдумда добуш бериш үчүн каттоосун алмаштыруунун акыркы күнү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын  расмий сайтына жарыяланды.

Боршайкомдун буга чейин тараткан маалыматына ылайык, жаңы үлгүдөгү ID карта паспорту барлар Калкты тейлөө борборлоруна барса, адистер тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизип берет. Ал эми эски үлгүдөгү ID карта болсо, аны жаңылаш керек болот.

Буга чейинки шайлоолордо каттоосу башка аймактагы жарандар №2 форма деген документ аркылуу башка жерден добуш берип келишкен. Эске салсак, депутаттар тобу шайлоо босогосун, күрөөнү азайтуу жана №2 форма менен добуш берүү ыкмасын жокко чыгаруу боюнча мыйзам сунуш кылып, ал кабыл алынган. №2 форма менен чет жактагы шайлоочулар гана добуш бере алат.  

ЧЕК АРАДА ЖЕР СИЛКИНДИ

Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен аймакта кайрадан жер титиреди, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, бүгүн, 29-декабрда саат 07:49да күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болгон. Анын күчү Ош шаарында жана Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман, Шарк, Кашкар-Кыштак, Жаңы-Кыштак айылдарында 4 балл, Кара-Суу шаарында, Ак-Таш, Большевик, Отуз-Адыр, Каарман, Кыргыз-Чек, Таштак, Мады, Дыйкан-Кыштак, Жапалак айылдарында 3 баллга чейин сезилди.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 43