• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: 11 мал базар жабылды. Мурдагы аким вице-мэр болду

15 Жалган куран 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

ТҮРКИЯГА ЖАРДАМ

Бүгүн, 15-март саат 10:00гө карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 104 млн 309 миң 903 сом, 18 миң 250 рубль жана 65,67 доллар түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.

ЖАҢЫ ВИЦЕ-МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ

Борбор калаанын мэринин орун басары болуп Осмонов Мурат Мукашбекович дайындалды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Буга чейин ал Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин «Борбор интеллектуалдык маалыматтар» мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары болуп эмгектенген. Мурат Осмонов буга чейин Бишкек шаарынын Ленин районунун акими болгон.

МАЛ БАЗАРЛАР ЖАБЫЛДЫ

 Кыргызстанда талапка жооп бербеген 11 мал базар жабылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР өкмөтүнүн 2017-жылдын «Ветеринария жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, республика боюнча жалпы 58 мал базар каттоодон өткөн. Анын ичинен бүгүнкү күндө 47 мал базар ветеринардык-санитардык экспертизадан өтүп, 11 мал базар талапка жооп бербегендиги үчүн айып пул салынып, убактылуу жабылды.

Количество просмотров: 165