• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: 17 жаштагы жигит каналга чөгүп кетти. Орхан Инандыны Кыргызстанга кайтаруу талабы айтылды

6 Теке 2021 14:00 Бишкек Govori.TV


КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда соңку бир күндүн ичинде 1233 адамдан коронавирус аныкталып, сегиз бейтап көз жумду. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, илдет жуктуруп алгандардын көбү Бишкек шаарында. Өлкөдө жалпысынан коронавирус болгондордун саны 133 миңден ашып, 2054 бейтап каза болду. Бир күндүн ичинде коронавирус 30 медицина кызматкеринен табылды. Ооруканаларда ушул тушта төрт миңден көп бейтап жатат жана 170тен көбүнүн абалы оор.

ОРХАН ИНАНДЫНЫ ӨЛКӨГӨ КАЙТАРУУ ТАЛАБЫ АЙТЫЛДЫ

Бүгүн, 6-июлда «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын Кыргызстанга кайтарылышын талап кылгандар Ак үйдүн алдында митингге чыгышты. Нааразычылык акциясына 10го чукул адам чогулган. Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган 5-июлда бир айдан ашык убакыттан бери дайыны чыкпай жаткан “Сапат” билим берүү мекемелеринин башчысы Орхан Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялаган. Ал Инандыны алып келүү чалгынчылардын сабырдуу иш-аракеттеринин негизинде ишке ашканын билдирген.

ЧҮЙ КАНАЛЫНА 17 ЖАШТАГЫ БАЛА ЧӨГҮП КЕТТИ

Ысык-Атада Чоң Чүй каналына 17 жашар бала чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалымака ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылында Чоң Чүй каналына 2004-жылы туулган бала чөгүп кеткен. Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 7 куткаруучу тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында баланын сөөгү туугандары тарабынан табылган.

Количество просмотров: 217