• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: 19 адам коронавируска кабылды. Кытай-кыргыз чек арасында жер титиреди

28 Жетинин айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 21-27-ноябрга чейин 19 адам коронавируска кабылды. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, илдетке кабылгандардын ичинен бешөө ооруканага жаткырылып, 14ү үй шартында дарыланууда.

Ал эми 2022-жылдын 20 ай 27 күнүнө карата коронавирустун 21 миң 783 учуру катталган.

ЖЕР ТИТИРӨӨ КАТТАЛДЫ

Бүгүн, 28-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча 01:58де Кытайдын аймагында, кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде очогунда күчү 5,5 баллга жакын жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү Эркештам, Нура айылдарында 4,5 балл, Кан-Коргон айылында 4 балл, Көлдүк айылында 3 баллга чейин сезилди.

КЫРСЫКТА ЖАБЫРКАГАНДАРДЫН АБАЛЫ

Бишкекте жол кырсыгынан жабыркагандардын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Клиникалык тез жардам ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнүн бөлүм башчысы Талант Сарымсаков билдирди.

«Ооруканага жаракат алып, 2 жаран кайрылган. Н.А. аттуу айымдын баш мээси чайкалган, учурда бизде дарыланууда. Ал эми Ш.А. аттуу мырза үйүнө жөнөтүлгөн»,-деди ал.

Эске салсак, 28-ноябрь болжол менен саат 14:00дө Киев-Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, жеңил автоунаанын айдоочусу № 129 маршрутканы сүзүп алган.
Кырсыктан маршрутканын төрт жүргүнчүсү жабыркаганы кабарланган. Эки унаа тең айып короо жайына киргизилип, окуянын чоо-жайы териштирилүүдө.

Количество просмотров: 74